Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

«Фейсбукка» 5 миллиард доллар айып салынды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын федералдык соода комиссиясы «Фейсбук» социалдык тармагына 5 миллиард доллар айыппул салат. Мындай чара «Cambridge Analytica» компаниясы колдонгон колдонуучулар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн көрүлгөн.

Бул айыппул технологиялык компаниялардын тарыхындагы эң көп өлчөмдө алгач жолу болууда. Бирок байкоочулар жаза мындан да катаал болушу мүмкүн экенин эскертип жатышкан.

Комиссия менен социалдык тармак ортосундагы келишим жөнүндө «The Wall Street Journal» жана «Bloomberg» агенттиги жазып чыкты. Келишимде социалдык тармактын колдонуучулары жөнүндө маалыматты сактоонун жаңы эрежелери аныкталган. Бул келишимди комиссиянын беш мүчөсүнүн үчөө жактырды, эми Юстиция министрлиги тарабынан бектилиши керек.

«Фейсбук» компаниясына байланыштуу иликтөө 2018-жылы башталган. Анда журналисттер Дональд Трамптын президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө «британиялык «Cambridge Analytica» компаниясы социалдык тармактын колдонуучулары жөнүндө маалыматты колдонду» деп айыптап чыккан. Аталган маалыматтар шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылган.

Бул чатактан соң «Фейсбуктун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг АКШ Конгрессинин эки отурумуна катышып, суроолорго жооп берген. Анда социалдык тармак колдонуучулар жөнүндө маалыматты бекем сактоо жаатында милдеттенмелерди алган. Ал эми «Cambridge Analytica» компаниясы ишин токтоткон.

XS
SM
MD
LG