Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Ооганстан: мейманканага кол салуудан алты адам мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадгис провинциясындагы мейманканага кол салуудан төрт полиция кызматкери жана эки тынч жаран каза болду. Бул кол салуу мындан беш күн мурун Катарда өткөн «Талибан» менен ооган өкмөт өкүлдөрүнүн тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн соң болуп отурат.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Нусрат Рахиминин айтымында, 13-июлда түшкө маал беш согушкер мейманканага кирип барып кол салган. Коопсуздук күчтөрү менен атышта алардын үчөө өлтүрүлүп, экөө колго түштү. Атыш маалында төрт полиция кызматкери жана мейманкананын эки коногу окко учту.

XS
SM
MD
LG