Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:30

Маркум Молдакун Абдылдаевдин уулунун сөөгү табылды


Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин уулу Илимдин сөөгү табылды. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, сөөк бүгүн дарыядан табылган.

Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа 30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. 2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылып, жерге берилген. Ал эми маркумдун жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү 10-июлда табылып, 15-июлда жерге берилери айтылган болчу. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG