Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин Беларустун «Динамо» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлады.
Кичин жаңы клубда 12 катар санында ойномокчу. 26 жаштагы коргоочу «Динамо» клубу менен канча жылга келишим түзгөнү азырынча белгисиз.
Кичин буга чейин үч жыл катары менен орусиялык «Енисей» клубунда Орусиянын улуттук жана премьер-лигаларында ойногон.
Эл аралык «Трансфер маркет» (www.transfermarkt.com) басылмасы Валерий Кичинди 1 жарым миллион еврого баалаган жана ал Кырызстандагы эң кымбат футболчу болуп саналууда.
Кичиндин жаңы клубу «Динамо» Европа Лигасында ойноп жатат жана Беларустун чемпионатында алтынчы орунду ээлеп турат. 11-июлда, «Динамо» Европа лигасындагы биринчи беттешинде латвиялык «Лиепая» клубу менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Команданын кезектеги оюну 18-июлга белгиленген. (GT)