Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:03

«Bloomberg»: АКШ С-400 комплексинен улам Түркияга санкция киргизет


Орусияга караштуу учак С-400 системасын Анкарага жеткирди. 12-июль, 2019-жыл.
Орусияга караштуу учак С-400 системасын Анкарага жеткирди. 12-июль, 2019-жыл.

Түркия Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алганы үчүн АКШ ага каршы жакынкы күндөрү санкция киргизет. Бул тууралуу «Bloomberg» агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык, президент Дональд Трамптын кеңешчилер тобу үч санкциялар пакетин даярдаган. Учурда АКШ президенти алардын бирин бекиткени турат.

Санкцияда кандай чаралар бар экендиги азырынча жарыялана элек.

Түркия 2017-жылы Орусиянын С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасын сатып алууга келишим түзгөн. 12-июлда түрк бийлиги С-400 зениттик-ракеталык системасынын алгачкы бөлүгү өз аймагына келгенин кабарлады.

Бул келишим Вашингтон менен Анкаранын мамилесин чыңалткан негизги маселелердин бирине айланган.

Кошмо Штаттар буга чейин НАТОдогу өнөктөшү Түркияны С-400 боюнча келишимден 31-июлга чейин баш тартууга чакырып келген. Андай болбосо Анкарага F-35 кыргын салуучу учактарын сатпай коёрун эскерткен.

XS
SM
MD
LG