Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

«Справедливость» уюму Кыйноого каршы дүйнөлүк түзүмгө мүчө болду

«Справедливость» уюмунун жетекчиси Валентина Гриценко жана адвокат Уткирбек Жаббаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан кези.
«Справедливость» уюмунун жетекчиси Валентина Гриценко жана адвокат Уткирбек Жаббаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан кези.

Жалал-Абад шаарында иш жүргүзгөн «Справедливость» укук коргоо уюму Кыйноого каршы бүткүл дүйнөлүк бирикмеге мүчө болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюмдун адвокаты Уткирбек Жаббаров билдирди.

Кыйноого каршы бүткүл дүйнөлүк бирикме - дүйнөдөгү таасирлүү укук коргоо уюмдарынын бири. Курамында ар кайсы мамлекеттердеги 300 өкмөттүк эмес түзүм бар. Буга чейин Кыргызстандан ага «Адам укуктары боюнча кыргыз комитети» мүчө болгон.

«Справедливость» уюму 1994-жылдан бери иштейт. Элге акысыз укуктук жардам берет. Жетекчиси - Валентина Гриценко.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Кыргызстандагы жабык жайларда кылмышка байланыштуу шек саналгандарга күнөөнү моюнга алдырыш үчүн тергөө маалында кыйноонун ар кайсыл формалары колдонулуп келерин айтышат. Бул үчүн айрым милиционерлер жазага тартылган учурлар да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG