Британиялык бир нече басылма Вашингтондогу мурдагы элчи Ким Дэррок Лондонго жөнөтүп турган телеграммалардын дагы бир бөлүгүн жарыялады. Гезиттердеги маалыматка караганда элчи АКШ президенти Доналд Трамптын Иран менен өзөктүк келишимден чыгышын жеке себептери менен байланыштырат. Анткени документке президент Барак Обама кол койгон. Мындай мамилени Дэррок «дипломатиялык вандализм» деп атаганын «Daily Mail» жазат.
Ал эми «The Sunday Times» жашыруун телеграммалардын ачыкка чыгып кетишине чет өлкөлүк хакерлердин тиешеси жок экенин баяндайт. Мындай тыянакка британ полициясы, атайын кызмат жана Тышкы иштер министрлиги келишти.
6-июлда «Daily Mail» басылмасы жарыялаган жашыруун каттарда элчи Дэррок Трапмты «ишти билбеген киши» деп сүрөттөгөн. АКШ президенти ошондон кийин элчи менен иштешпей турганын билдирген. Бир нече күн мурун Дэррок кызматтан кеткенин жарыялап, Британияга кайтып келди.