Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Түркмөнстанда табыптар президенттин китебин колдонуп жатышат


Түркмөнстандык медицина кызматкерлери.
Түркмөнстандык медицина кызматкерлери.

Түркмөнстанда табыптар колдонмо катары өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун дары чөптөр жөнүндөгү китебин пайдаланып жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Мамлекетти башкарган 12 жыл ичинде 50дөн ашык китеп, анын ичинде «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» жыйнагын жазган Бердымухамедовдун чыгармачылыгы өлкөдө расмий деңгээлде үгүттөлөт.

2018-жылы октябрда Саламаттык сактоо министрлиги калкка мамлекет башчынын китебинде көрсөтүлгөн чөптөрдөн жасалган чай ичүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG