Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Өкмөт башчы Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушун аяктоону тапшырды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушун көрүп жатат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушун көрүп жатат.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган автожолдун курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматына караганда, айланма жолдун курулушуна 500 млн. сом керектелет, бирок бул каражат Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолун реконструкциялоо долбоорунда каралган эмес.

Бейшенов аталган жолду реконструкциялоонун баасы баштапкы пландагы 6 млрд. 803 млн. сомдон 8 млрд. 785 млн. сомго чейин көбөйгөнүн айтты. Учурда Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык Балыкчы шаарынын айланма жолунда жасалма курулуштарды куруу, коммуникацияларды орнотуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн коюп өтүү жүрүүдө.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сөз болуп жаткан жолдун курулушу убагында тийиштүү эсептөөлөрсүз жана каржы булактары бекитилбей башталып калганын, бирок айланма жолдун курулушуна зарыл каражат табыларын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG