Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Хасан Роухани: АКШ санкцияларды алса Иран сүйлөшүүгө даяр


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани 14-июлда телеканалдагы сөзүндө АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы «санкцияларын жана опузасын» токтотсо, Тегеран сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Вашингтон пост» гезитиндеги маегинде Роуханинин сунушун четке кагып, «бул Жон Керриге жана Барак Обамага айтылган сунуштун эле өзү» деп билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек.

Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө келтирип, АКШ макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөгөн.

Ал арада Европа өлкөлөрүнүн лидерлери дем алыш күндөрү Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуну токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн чогулушту.

XS
SM
MD
LG