Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Жергиликтүүлөр Солтон-Сары кенин иштеткен компанияга нааразы болуп жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши бүгүн, 15-июлда Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулушту. Алар Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Он-Арча айылынын 100дөн ашуун тургуну кол койгон кайрылууну президентке жиберерин билдиришти.

Чогулгандар «кен иштеткен компания агын сууну булгап атат, жайыттагы мал жапырт кырылууда» деп, «кытайлык компания ишин токтотсун» деген талап коюшту. Нааразы тургундарга облустук бийлик өкүлдөрү жолугуп, кырылган малдын өлүмүнө эмне себеп болгонун иликтеп чыгууга убада беришти. Тургундардын айтымында ушуга чейин 100дөн ашык кой өлдү.

Учурда социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда койлор массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тарап жатат.

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG