Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Евробиримдиктин өкүлдөрү Иран маселесин талкуулаганы чогулушту


Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.
Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалууну басаңдатуунун жолдорун издөөнүн жана Иранды АКШ былтыр чыгып кеткен өзөктүк келишимде калууга көндүрүүнүн жолдорун издеп жатышат.

15-июлда Брюсселге чогулган тышкы иштер министрлери АКШнын санкцияларын айланып өтүү аркылуу Европа Биримдиги менен Ирандын ортосундагы бартер жолу менен соода жүргүзүүгө кошумча колдоо көрсөтүү тууралуу да сүйлөштү.

Жолугушууда Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Иран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосунда түзүлгөн маанилүү келишимди сактап калууга дагы эле убакыт бар деп эсептей турганын айтты. Анын сөзү боюнча, Вашинтон Британиянын жакын өнөктөшү болгону менен Лондон Иран кризисин чечүүнүн ыкмасы боюнча АКШ менен макул эмес.

- Иран өзөктүк бомбасын жасоодон али алыс. Келишимди сактап калыш үчүн азыраак убакыт бар, - деди Хант.

Бул жолугушуунун алдында Ирандын президенти Хасан Роухани 14-июлда телеканалдагы сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы «санкцияларын жана опузасын» токтотсо, Тегеран сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Вашингтон пост» гезитиндеги маегинде Роуханинин сунушун четке кагып, «бул Жон Керриге жана Барак Обамага айтылган сунуштун эле өзү» деп билдирди.

Президент Дональд Трамп былтыр 2015-жыыл түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кетенден бери Иран менен АКШнын ортосунда чыңалуу күчөдү.

Иран өткөн жумада уран байытуунун деңгээлин 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен ашырган.

Орусия менен Кытай сыяктуу эле келишимди сактап келе жаткан Британиянын, Франциянын жана Германиянын лидерлери 14-июлда бардык «тиешелүү таарптарды тыным алууга жана өз аракеттеринин кесепетин талдап чыгууга» чакырды.

Тегеран Европа мамлекеттеринен ал келишимди сактап калуу боюнча чыныгы аракеттерди күтө берип чарчагандыктан анын айрым шарттарын мындан ары аткарбай турганын өткөн айда эскерткен.

XS
SM
MD
LG