Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

АКШ президентин «Твиттердеги» сөзү үчүн расист деп айыпташууда


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттерине» Конгресстеги демократ аялдар тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылды. Демократтар аны расизм үчүн айыптап жатышат. Ал Конгресстеги аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барууну сунуш кылган.

«Өздөрү өкмөтү толук бечел, жемкорлукка баткан, колдорунан эч нерсе келбеген мамлекеттерден чыккан Конгресстеги «прогрессивдүү» демократ аялдар Кошмо Штаттардын элине, дүйнөдөгү эң улуу жана кубаттуу өлкөнүн бийлиги кантип иштеши керек экенин айтып жатышканына көз салуу кызык», - деп жазган Трамп. Ал Конгресстеги аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барып, кыйраган жана кылмышка баткан өкмөттөрүнө жардам берүүнү сунуш кылган.

Трамп эч кимди атынан атабаса да бир катар маалымат каражаттары «АКШ президенти Конгресстеги төрт аял тууралуу айтып жаткан болушу ыктымал» деп жазып чыгышты. Алар - Александрия Окасио-Кортес, Илхан Омар, Аянна Пресли жана Рашида Тлаиб. Конгресстеги бул аялдар Трамптын саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү. Бирок алардын арасынан Илхан Омар гана Америка жергесинде туулган эмес.

Трамтын бул билдирүүсүн демократтардын көбү, анын ичинде ушул тапта президенттикке талапкерлигин койгону жаткан сенатор Камала Харрис да сынга алды.

Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси менен жогорудагы төрт аялдын ортосунда Демокартиялык партиянын ичинде өз ара пикир келишпестик болсо да, спикер жекшембиде Трамптын билдирүүсүн сындап, ксенофобиялык деп баалады.

XS
SM
MD
LG