Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Орусия: Наталья Эстемированын өлтүрүлгөнүнө он жыл болду


14-июлда орусиялык жана эл аралык укук коргоо уюмдары орус бийлигин Эстемированын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазага тарта албаганы үчүн сынга алышты.
14-июлда орусиялык жана эл аралык укук коргоо уюмдары орус бийлигин Эстемированын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазага тарта албаганы үчүн сынга алышты.

Орус-чечен укук коргоочусу Наталья Эстемированын уурдалып, андан соң өлтүрүлгөнүнө он жыл толду.

Эстемирова «Мемориал» укук коргоо борборунун Грозныйдагы бөлүмүн жетектечү. 2009-жылдын 15-июлунда уурдалып, сөөгү эртеси Ингушетиядан табылган.

14-июлда орусиялык жана эл аралык укук коргоо уюмдары орус бийлигин Эстемированын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазага тарта албаганы үчүн сынга алышты.

«Чеченстандагы одоно укук бузуу, сотсуз өлүм жазасы жана адам уурдоо учурларын иликтөөдөгү Наталья Эстемированын жан аябастыгы, эр жүрөктүгү кайталангыс» - деп билдирди «Эл аралык мунапыс» уюмунун өкүлү.

Укук коргоочулар Чеченстандагы укук бузуу, кыйноо жана киши өлтүрүү Рамзан Кадыровдун тушунда күч алганын белгилешет. Алар «буга Путин башында турган орус бийлиги көз жумду мамиле кылууда» деп сындап келишет.

XS
SM
MD
LG