Экономика министрлиги Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен бирге Кыргызстандагы инвестиция саясаты жана инвесторлордун укугун коргоо маселесине арналган жыйын курат. Ага корпорациянын аймактык менежери Кассандра Колберт да катышарын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
16-июлда «Hyatt Regency» мейманкана өтө турган талкууда кыргыз өкмөтү инвесторлор үчүн түзгөн шарт, алардын укуктарынын корголушу, эл аралык эрежелердин сакталышы өңдүү маселелер каралат. Эл аралык финансы корпорациясы Дүйнөлүк банктын тобуна кирет.
Кыргызстанда кен казган чет элдик компанияларга карата жергиликтүү элдин каршылыгы өңдүү маселелерден улам адистер соңку жылдары инвесторлордун укуктары корголбой жатканын айтып келатышат. Бул жагдай өлкөгө келчү инвесторлорду азайтат деген божомолдор бар. Кен казылган аймактарда жашаган жарандар чет элдик компаниялар экологиялык талаптарды сактабай жатканына нааразы болушат. (SE)