Франциянын Тышкы иштер министрлиги 15-июлда тараткан маалыматында Тегеранды Саясий изилдөөлөр боюнча Париж институтунун кызматкери, француз-иран окумуштуусу Фариба Аделханы бошотууга чакырды.
Иранда туулган антрополог, Иран тууралуу бир канча китептин автору Фариба Аделха өткөн айда белгисиз себептер менен кармалган. Айрым маалыматтар боюнча окумуштуунун кармалышынын артында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу турат жана ал тыңчылык боюнча шек саналууда.
Акыркы жылдары Иранда америкалык жарандыгы же кош жарандыгы бар бир канча адам кармалган. Алардын арасында тыңчылык үчүн он жылга соттолгон Принстон университетинин студенти Сиюэ Ван да бар. Ал 2016-жылы Ирандын Кажар династиясы тууралуу диссертация жазып жүргөндө кармалган. Ван өзү да, ал окуган университет да коюлган кинелерди четке каккан.