Москванын шайлоо комиссиясынын башчысы Валентин Горбуновдун шаардык кеңеште көз каранды эмес талапкерлер менен жолугушуусу болбой калды. Анын 15-июлда билдиргенине караганда, ал талапкерлер менен өз кабинетинде жолугууга даяр.
Бирок Горбунов 4-июлда анын жумуш ордуна келген көз каранды эмес талапкерлер менен жолугушуудан баш тартып, алардын ар бири менен өз-өзүнчө жолугууну сунуш кылган.
Ушундан улам 14-июлда көз каранды эмес талапкерлер жана алардын колдоочулары Москвада нааразылык акциясына чыгышкан. Ал акцияны полиция күч менен таратып, ондогон киши кармалган жана үч киши жаракат алган. Кармалгандардын арасында шайлоого катышууну көздөгөн Илья Яшин, Любовь Соболь, Иван Жданов жана Юлия Галямина болгон.
Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары бир катар оппозициялык талапкерлер тапшырган документтерде 4500дөй колду жараксыз деп тапкан. Бирок оппозиция алардын өкүлдөрүн баш калаанын думасына талапкерлердин тизмесине киргизүүнү талап кылышууда.
Орусиянын башкалаасынын думасына шайлоо 8-сентябрда өтөт.