Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

ФСБнын эки офицери көз боёмочулук үчүн кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Конституциялык түзүмдү коргоо жана терроризмге каршы күрөш башкармалыгынын эки офицери көз боёмочулукка шек саналып камакта отурушат. РБК каналы булактарына таянып билдиргендей, алар "Moscow Holiday Hotel" мейманканасына байланышкан чоң алдамчылыкка аралашканы айтылууда. Экөө апрелде кармалганы менен маалымат 14-июлда гана ачыкка чыкты.

Москванын гарнизондук соту бул фактыны тастыктап, офицерлердин аты-жөнү Сергей Богданов жана Сергей Иванов экенин маалымдады. Баштапкы кабарларга караганда, алар мейманкана жайгашкан жердеги талаштуу маселелерди чечип берүүнү убада кылып, ээсинен беш миллион рубль сураган.

Июлдун башында да ФСБнын жети кызматкери "банктан ири өлчөмдө акча уурдады" деген шек менен камакка алынган. Дагы сегиз кызматкерге издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG