Экотехинспекциясы кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы сууну жана топуракты текшерди.
Аталган мекеменин Тоо-кен башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетовдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы таза чыккан. Анын айтымында, инспекциянын өкүлдөрү ошол аймакта кен иштеткен “Jhong ji Mining” компаниясын текшерүүгө барышарын кошумчалады.
"Биз эртең ошол жакка чыгып жатабыз. Мурдагы анализ боюнча топурак менен суу таза чыккан. Бул жерде Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын да жумушу. Адам фактору да болушу мүмкүн.
Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тараган. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирген. Өлгөн малдан анализ алынганда этинде нитрат жана мышьяк бары аныкталган. Мунун негизинде малдар ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган.
15-июлда Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулуп, компания агын сууну булгап, мал жапырт өлүп жатканын айтып чыгышкан. Алар “Jhong ji Mining” компаниясынын ишин токтотууну талап кылып жатышат. Тургундардын айтымында, жүздөй кой-козу кырылса, Экотехинспекция 30га жакын экенин айтып жатат.
Экотехинспекция аталган компанияны толугу менен текшерип чыгууга уруксат сурап Экономика министрлигине кат жөнөткөнү белгилүү болду. Уруксат берилсе, лицензия берүүдөн баштап анын ишмердүүлүгү, Эмгек кодексинин сакталышына чейин текшерилет.
“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландоодо.
Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. (КЕ)