Өзгөндө эки жашар бала сууга чөгүп кетти. Кырсык райондун Салам-Алик айылындагы эс алуучу жайлардын биринде болгон. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бала эс алууга ата-энеси менен келип, бассейнге түшүп кеткен.
Маалыматка ылайык, баланы суудан чыгарып алышканы менен врачтар келгенче чарчап калган. Дарыгерлер бул окуя тууралуу милицияга кабарлашкан.
Ош облустук ИИБнын маалыматына караганда, окуя бирдиктүү реестрге катталды, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Бир күн мурда Өзгөн районунун 85 жаштагы тургуну Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткен. Көрүп калган адамдардын жардамы менен ал куткарылып, ооруканага жеткирилген. Милиция бул окуяны да иликтөөдө.
14-июль күнү Ак-Буура суусуна ВАЗ-21 099 үлгүсүндөгү машине төрт жүргүнчүсү менен кулап кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында эки адамдын сөөгү табылган. Дагы экөө дайынсыз. Издөө иштери уланууда. (ZKo)