Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Украинада мамлекеттик тил тууралуу мыйзам күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада «Украин тилин мамлекеттик тилге айлантуу тууралуу» деп аталган мыйзам бүгүн, 16-июлда күчүнө кирди. Документти Жогорку Рада быйыл апрель айында кабыл алып, май айында ошол кездеги президент Петро Порошенко кол койгон.

Документке ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик тил болуп эсептелет. Аны колдонууну чектөөнү каалагандар жоопко тартылат. Ошондой эле украин тилине коомдук турмуштун бардык тармактарында артыкчылык берилиши керек. Бирок жеке сүйлөшүүлөр менен диний жөрөлгөлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок.


Мыйзамда "бардык мамлекеттик кызматкерлер, судьялар, билим берүү жана медицина кызматкерлери сөзсүз түрдө украин тилин билиши керек" деген талап бар. Мамлекеттик органдардын жыйындары, документ иштери украин тилинде жүргүзүлөт. Башка тилде чыккан гезит-журналдардын украин тилдүү версиясы да чыгарылышы керек, китепкана, китеп дүкөндөрү, гезит күркөлөрүнүн кеминде 50% өндүрүмү украин тилинде болушу зарыл.

Украинанын орус тилдүү калкында тил маселеси көптөн бери талаш жаратып келет. Өлкө чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдер "Киев орус тилин колдонууну атайылап чектеп жатат" деп айыпташат.

XS
SM
MD
LG