Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Түштүк Азия: катуу нөшөрдүн айынан ондогон адамдын өмүрү кыйылды


Индиянын Ассам штатында 4 миллиондой адам үй-жайсыз калды
Индиянын Ассам штатында 4 миллиондой адам үй-жайсыз калды

Түштүк Азия өлкөлөрүндө нөшөрлөп жааган жаандан жана суу ташкындын кесепетинен 100дөн ашуун адам өлдү, миллиондогон киши турак-жайсыз калды.

Табигый кырсыктан айрыкча Индия, Непал жана Бангладеш катуу жабыркады. Индия өкмөтү Ассам штатында төрт миллиондой адам там-ташын таштай качууга аргасыз болгонун кабарлады.


Өлкөнүн армиясы үйсүз калгандарга убактылуу чатырлар тигилгенин билдирди. Бул чөлкөмдөгү быйылкы жаанчыл мезгилдин башталышы гана. Келаткан аптада кара нөшөр жана анын чыгымы да күчөшү мүмкүн. Азиянын түштүгүндөгү жаанчыл мезгилде жыл сайын жүздөгөн адам ажал табат.

XS
SM
MD
LG