Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Рахимов Эл аралык бокс федерациясынын башчылыгынан кетти


Гафур Рахимов
Гафур Рахимов

Өзбекстандык бизнесмен Гафур Рахимов 15-июлда Эл аралык бокс федерациясынын президенти кызматынан биротоло кеткенин билдирди. Ал арызында “саясий негиздеги жалган айыптан" улам атын актоо үчүн түрдүү сот процесстерине катышууга аргасыз болуп жатканын жазды.


Быйыл март айында Рахимов федерацияны жетектөөдөн убактылуу четтетилген. Ал федерациянын төрагасы болуп 2018-жылдын 2-ноябрында шайланган. Бирок Эл аралык Олимп комитети Рахимовдун биротоло кызматтан кетишин талап кылган. Аны Кошмо Штаттарынын Рахимовду кылмыш чөйрөсү менен байланышта деп санкция салганы менен негиздеген.

АКШ Гафур Рахимовду чыгыш европалык “Агайындар чөйрөсү” кылмыш тобуна катыштыгы бар деген шек менен 2012-жылы "кара тизмеге" киргизген. Андан сырткары Өзбекстандагы уюшма кылмыш топторунун биринин анабашы деген маалыматтар бар. Өзү болсо мафия менен камыр-жумур экени тууралуу дооматтарды такай четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG