Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Бишкекте суунун тарифи жогорулашы мүмкүн


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте сууга жана сууну бөлүштүрүүгө (канализация) тариф жогорулашы мүмкүн.

Шаардык кеңеш буга байланыштуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

4-июлда чыккан долбоордо таза суунун бир куб метрин жеке адамдар үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго кымбаттатуу каралган. Бюджеттик уюмдар үчүн 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Мындан сырткары Шаардык кеңештин депутаттары каналазацияга болгон тарифти 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Депутаттар мунун себебин азыркы тарифтер өзүн-өзү актабай жатканы менен түшүндүргөн.

Долбоордо ичүүчү сууну өндүрүү, транспортировкалоо жана керектөөчүлөргө берүү, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо менен алектенген шаардагы жападан-жалгыз ишкана - “Бишкексууканалдын” финансылык абалы өтө оор экени, жыл сайын 80 млн. сом чыгым тартып жатканы белгиленген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG