Кыргызстанда 17-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 36…38 градус болот.