Жарандык активист Алтын Капалованын экология маселесин көтөргөн «Сулуусуу» жомогу корей тилине которулду. Бет ачары 18-июлда Бишкекте болот.
Жомок Ысык-Көлдүн түбүндө жашаган суу ханышасы жөнүндө баяндайт. Анда сууга ыргытылган таштанды, адамдардын табиятка болгон катаал мамилеси баяндалат. Китептин кыргызчасы 2016-жылы жарык көргөң.
"Китебимди кореялык кесиптештерим которуп, ал жакта элге сунуш кылышкан. Эми бир эле китепке кыргызча жана корейче версиясын кошуп чыгардык", - деди Капалова.