Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Ысык-Көлдө моторлуу кайыктарды колдонууга тыюу салынышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Ысык-Көлдүн суусун таза сактоо максатында моторлуу кайыктарды колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев билдирди:

- Себеби, суунун булганышына көбүнчө моторлуу кайыктар себеп болот. Агенттик ага тыюу салуу үчүн сунуш даярдап жатат. Ишке ашып калса, суунун сапатынын жакшырышына таасир берет.

Рысалиев Ысык-Көлдүн суусу жылына үч жолу - туристтик сезондун башында, ортосунда жана аягында заманбап технология менен текшерилип турарын, азыр тынчсыздана тургандай кырдаал жаралбаганын кошумчалады.

Экоактивисттер көлдүн жээгинде таштанды көбөйүп, суу булганып жатканын улам-улам айтып келишет. (SA)

XS
SM
MD
LG