Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Орусия: сот украин деңиз аскерлерин камоо мөөнөтүн узартты


Камактагы украин деңиз аскерлери.
Камактагы украин деңиз аскерлери.

Орусиянын Москва шаарындагы Лефортов райондук соту 17-июлда Украинанын 24 деңиз аскерин камоо мөөнөтүн октябрь айына чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Өткөн аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндө деңиз аскерлерин кое берүүнү өтүнгөн. Алардын бала-чакасынын абалын эске алууну суранган.

Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кеткен.

Окуяны Украина менен Батыш өлкөлөрү «агрессия» деп баалашкан.
Бириккен Улуттар Уюму туткунга түшкөн украиналыктарды «аскер туткундары» деп тааныган. Москва болсо украин деңиз аскерлери «Орусиянын чек арасын бузган» деп билдирип келет.

XS
SM
MD
LG