Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Эрбилдеги куралдуу кол салууда түрк дипломаты каза болду


Кол салуудан кийинки көрүнүш.
Кол салуудан кийинки көрүнүш.

Ирактын Курдистан аймагынын борбору - Эрбилде 17-июлдагы куралдуу кол салууда эки адам каза болду. Анын бири түрк дипломаты экенин "Reuters" агенттиги жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып кабарлады. Дагы бир адам жараат алды.

Күбөлөр жана күч органдары билдиргендей, белгисиз адам ресторанда түштөнүп отургандарды күтүүсүз атып, изин жашырып кеткен.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги каза болгон дипломат Эрбилдеги консулдуктун кызматкери экенин тастыктады.

Кол салууга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Түркия жана Ирактын Курдистан автоном аймагынын бийлиги муну "Күрт жумушчу партиясынан" көрүп жатат. Аталган партия Түркияда, АКШда, Европа Биримдигинде, Орусияда террордук уюм катары таанылган. Ага карабай Парижде партиянын өкүлчүлүгү ишмердик жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG