Иранда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүгө байланыштуу айыпталып, беш жылга камалган Британиянын жана Ирандын жараны Назанин Загари-Ратклифф абактан психикалык ооруканага которулду.
16-июлда "Назанин эркиндикке чыгарылсын" кыймылы аны Тегерандагы Эвин түрмөсүнөн Имам Хумайни ооруканасына алып кетишкенин маалымдады. Бирок атасына аны көрүп чыгууга уруксат берилбеди.
Загари-Ратклифф 2016-жылы кармалган. Ага "Иран өкмөтүн оодарууга аракет кылган" деген айып коюлган. Өзү муну моюнга алган эмес.
Өткөн айда Загари-Ратклифф жана өмүрлүк жары эки жума ачкачылык кармашкан.
Иранда Загари-Ратклифф абактан психикалык ооруканага которулду
