ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда эл аралык маанидеги жол ачылды

Эки өлкөнүн желектери.
Эки өлкөнүн желектери.

Казакстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Аскар Мамин жана Абдулла Арипов 17-июлда «Бейнеу – Акжигит – Өзбекстан чек арасы» автожолунун ачылыш аземине катышты.

УзА маалымат агенттигинин кабарлашынча, трассанын узундугу 84 чакырымды түзөт.

«Бул Казакстандын деңиз порттору жана автотрассалары аркылуу өзбек товарларын Орусия жана Кавказ өлкөлөрүнө жеткире турган кыска жол болот», – деди казак өкмөт башчысы Аскар Мамин.

2018-жылы эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 миллиард долларды түзгөн, быйыл жыл башынан бери бул көрсөткүч 25% көбөйгөн.

​
XS
SM
MD
LG