Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Базар-Коргон: соцөнүгүү башкармалыгындагы сынак нааразылык жаратты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Базар-Коргон райондук башкармалыгынын жетекчилик кызматына жарыяланган сынактын жыйынтыгына нааразы болгондор "Азаттык" радиосуна кайрылышты.

16-июль күнкү сынакта Мунарбек Калмаматов жеңген. Бирок анын атын атагысы келбеген атаандаштары сынак одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, тааныш-билишчилик болгонун айтып жатышат.

Нааразы болгондордун белгилешинче, биринчи турга 13 адам катышып, жетөө экинчи турга өткөн. Биринчи айлампадагы тесттин суроолоруна берилген жооптордун жыйынтыгында максималдуу упай 38, минималдуу упай 34 болгон. Ошол минималдуу упайды Мунарбек Калмаматов алганына карабай, анын жеңүүчү болгону башка атаандаштарын нааразы кылган.

Калмаматов упайлар жөнүндөгү маалыматты "Азаттыкка" бышыктап, бирок экинчи турда эссе жазуу жана аңгемелешүү да болгонун, ошолордун негизинде жеңгенин кошумчалады. Атаандаштары анын көзүнчө нааразылык билдиришпегенин айтты.

Сынактын жүрүшү жана тандоо жараяны жөнүндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG