Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Өкмөт машыктыруучулардын айлыгын көбөйттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү машыктыруучулардын эмгек акысын 50%, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгын 20% көбөйттү.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, 1500дөн ашуун машыктыруучулардын жана 400гө жакын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйөт.

Соңку жылдардагы кыргыз спортчуларынын бир катар ийгиликтери ушундай чечим кабыл алууга түрткү болгону белгиленген.

2018-жылы Жакарта шаарында (Индонезия) өткөн 18-Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар биринчи жолу 20 медалга ээ болушту, алардын ичинен үчөө алтын. Мындан сырткары өкмөттүн 2018-жылы Футбол боюнча улуттук курама командасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө тарыхта биринчи жолу жолдомо алып, 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда мыкты оюн көрсөткөн.

Машыктыруучулардын айлыгын жогорулатуу маселеси 2017-жылы көтөрүлгөн. Анда айлык 2019-жылдын башынан көбөйө турганы, бюджеттен ага кошумча 103 млн. сом бөлүнөрү айтылган.

Өкмөттүн токтому спортчулардын эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн стипендия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн оптималдаштырууга багытталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG