Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:43

Бишкек: кафеден чыккан өрттө төрт киши түтүнгө ууланды


Бишкекте Жаш Гвардия – Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Али Хан” аттуу кафеде өрт чыккан учурда төрт киши түтүнгө ууланды.

Алардын үчөө ооруканага жаткырылды. Абалдары туруктуу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Бир киши ооруканадан баш тарткан.

Тилсиз жоо тууралуу кабар 17-июлда 16:25те түшүп, саат 20:00дан өтүп өчүрүлдү. Кафеге жакын жайгашкан “Асем” сулуулук салонунун жана “Портфель” дүкөнүнүн 780 м2 чатыры күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG