Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

Пакистанда медиага кысым күчөгөнү сынга кабылды


Пакистандык журналисттер цензурага каршы чыгышты. Пешавар, 16-июль, 2019-жыл
Пакистандык журналисттер цензурага каршы чыгышты. Пешавар, 16-июль, 2019-жыл

«Чек арасыз кабарчылар» уюму менен Пакистандын медиа уюму биргелешкен докладда Пакистанда маалымат каражаттарынын басымдуу бөлүгү бир ууч адамдын колуна топтолгонун белгилеп, муну "өтө кооптуу көрүнүш" деп сыпатташты.

"Мындай абалда маалымат булактарынын ар түрдүүлүгү чектелүүдө", - деп айтылат баяндамада.

Жакында Пакистандын булуң-бурчунда журналисттер аскерлер менен коопсуздук органдарынын цензурасына, бюджеттеги тартыштыктан улам кыскартуулар болуп жатканына жана маяналардын кечиккенине нааразылык билдирип демонстрацияга чыгышкан.

Өткөн жумада «Чек арасыз кабарчылар» уюму оппозициялык саясатчынын пресс-конференциясын чагылдыргандан кийин үч телеканалды кабелдик берүүлөрдөн убактылуу чыгарганы үчүн Исламабад бийлигин сындаган. Уюмдун сөз эркиндиги рейтингинде Пакистан 180 мамлекеттин арасынан 142-орунга жайгаштырылган.

Былтыр сентябрда “Журналисттерди коргоо эл аралык комитети” 220 миллион калктуу өлкөнүн медиа чөйрөсүндөгү абал начар экенин жазган.

XS
SM
MD
LG