Кыргызстанда 19-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;
Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус болот.
19-июлда Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүзгү жогорку температурасы 36…38 градус болот.