18-июлда Ооганстандын Кандагар шаарында жоочулар дүрмөттөлгөн машинени жардырып, полиция кеңсесине чабуул коюшту.
Провинция губернаторунун басма сөз катчысы Бахир Ахмади “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, жоочулар ооган коопсуздук күчтөрү менен аткылашты.
Азырынча канча киши өлгөнү же жабыркаганы айтыла элек. Кол салуунун артында ким турганы да белгисиз. Буга чейинки ушундай эле чабуулдарды Талибан кыймылынын согушкерлери ишке ашырып келген. БУУнун 18 жылдан бери тынбай келаткан жаңжалды жөнгө салуу аракеттеринде алга жылуу байкалганы маалымдаганы менен зомбулук токтой элек.