Пакистандын антикоррупциялык агенттиги мурдагы өкмөт башчы Шахид Хакан Аббаси кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, Аббаси Лахор шаарында пресс-конференция өткөргөнү бараткан жеринен кармалды.
Бийлик Катардагы газ компаниясы менен келишим түзүүдө экс-премьердин ролун иликтеп жатат. Аббасинин ошол компанияда акциялары бар болчу. Ал өзү мыйзамды бузбаганын айтып келет. Мурдагы өкмөт башчынын кармалышы оппозициялык партияларды нааразы кылды.
Алар өкмөт оппоненттеринин оозун басууну көздөйт дешет. Аббаси кирген "Мусулман Лигасы-Наваз" партиясынан депутат Ахсан Икбал экс-премьерди кармоону “Пакистан тарыхындагы караңгы күн” деп баалады.