Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

ДСУ: Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусу күчөдү


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Демократиялык Республикасында Эбола оорусунун коркунучу жогору экенин маалымдады. Андан тышкары, эл аралык коомчулукка кайрылып, илдетке каршы күрөшкө каражат зарылдыгын айтты.

Вирус Гома шаарындагы калк эң көп жайгашкан райондордун биринде көбөйүүдө. Руанда өлкөсү менен байланыштырган негизги жол дал ушул аймакта.

2018-жылдын июлунан бери мамлекетте эки жарым миңдей адамга Эбола жугуп, 1600дөн көбү көз жумду. Бул вирус мындан төрт-беш жыл мурун да Африканын бир канча мамлекеттеринде күчөгөн болчу.

XS
SM
MD
LG