Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарындын Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагерь уюштурулат. 20-28-июль аралыгында өтө турган иш-чарага 20 өспүрүм катышат. Алар кино, актердук чеберчилик тууралуу сабак алып, живописти үйрөнүү аркылуу экология жаатындагы билимдерин да кеңейтишет.

Өспүрүмдөргө кинорежиссор Айбек Дайырбеков, көркөм өнөр искусство илимдеринин кандидаты, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, сүрөтчү Замир Илипов, Манас таануу боюнча белгилүү адис Кундуз Жусупбекова, күрөш чебери, доцент Максат Оморов устаттык сааттарды өтүшөт.

Таза аба, ажайып кооз жаратылыш койнунда, телефонсуз, Интернетсиз шарттагы лагерди "Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU) уюштуруп жатат.

XS
SM
MD
LG