Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Сергей Слесарев билдирди. Атамбаевдин суракка чакырылышы мыйзамсыз экенин белгилеп ал үчүнчү ирет ИИМге, министр Кашкар Жунушалиевдин атына кат даярдаганын кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу ишине күбө катары көрсөтмө берүү үчүн буга чейин эки жолу чакырылып, барган эмес. Үчүнчү чакыруу 18-июлда жөнөтүлүп, 19-июлда көрсөтмө берүүгө келиши керектиги айтылган. Буга чейин Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары менен жолукканда суракка барбай турганын билдирген.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мурдагы президенттин тарапкерлери муну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевдин үйүндө “элдик штаб” түзүп топтолуп турушат.
Атамбаевдин кеңешчиси жана аны колдогон КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева бийлик 19-июлда мурдагы президентти күч менен кармоого даярданып жатканын "Фейсбукка" жазды. Буга күч органдарынан азырынча комментарий боло элек. (КE)