Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Украина: Олег Сенцовду журналист Кирилл Вышинскийге алмашуу сунушталды


Мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин Украинадагы башчысы Кирилл Вышинский 2018-жылы майда «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып кармалган.
Мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин Украинадагы башчысы Кирилл Вышинский 2018-жылы майда «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып кармалган.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин администрациясы Орусияда абакта жаткан кинорежиссер Олег Сенцовду Украинада кармалып турган журналист Кирилл Вышинскийге алмашууну сунуш кылды.

Бул тууралуу 18-июлда Зеленскийдин маалымат катчысы Юлия Мендель «Фейсбук» баракчасына жазды. Анын алдында Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салуудагы биринчи кадам катары журналист Кирилл Вышинскийди абактан бошотууга чакырган.

Мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин Украинадагы башчысы Кирилл Вышинский 2018-жылы майда «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып кармалган.

Ал эми Крымда туулуп-өскөн режиссер Олег Сенцов 2014-жылы жарым аралды Орусиянын аннексиялап алышына каршы чыккан. Ошол жылдын 11-майында аймактын Москва дайындаган бийлиги аны камакка алып, кийин 20 жылга кескен.

XS
SM
MD
LG