Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Волкер Орусиянын украин жарандарына паспорт берүү аракетин сындады


Курт Волкер
Курт Волкер

АКШнын Киевдеги атайын өкүлү Курт Волкер Орусиянын Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын жашоочуларына орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен берүү тууралуу буйругу аймактагы беш жылга созулган куралдуу жаңжалды токтотуу аракеттерине карама-каршы келет деп эсептейт.

Бул тууралуу ал 18-июлда “Твиттердеги” баракчасына жазды.

“Орусия Минск келишиминдеги милдеттенмелерин аткарышы керек”, - деди Волкер.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотууга багытталган Минск келишими 2015-жылы түзүлгөн. Анын негизги шарттары ок атышууну токтотуу, жаңжал аймагынан оор согуштук техникаларды чыгаруу, туткундарды алмашуу, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочу кызматкерлерин аймакка тоскоолдуксуз киргизүү болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын жашоочуларына орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен берүү тууралуу буйрукка ушул жумада кол койгон.

Украина жана Батыш Москванын мындай кадамын жаңы президент Владимир Зеленскийге каршы чагым катары баалашкан. Киев андай жол менен берилген паспортторду мыйзамсыз деп эсептерин эскертип келет.

БУУнун санактарына ылайык, 2014-жылдан бери Украинанын чыгышындагы жаңжалда 13 миңдей киши каза таап, 1,5 миллиондой киши жер которууга мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG