Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Путин менен Лукашенко “Союздук мамлекет” долбоорун дагы бир ирет талкуулады


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларус мамлекет башчысы Александр Лукашенко Санкт-Петербург шаарында.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларус мамлекет башчысы Александр Лукашенко Санкт-Петербург шаарында.

18-июлда Санкт-Петербург шаарында жолуккан Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко «Союздук мамлекет» келишиминин алкагындагы интеграцияны талкуулады.

Орусия менен Беларустун ортосундагы “Союздук мамлекет түзүү” келишимине 1999-жылы кол коюлган, бирок азыр ал кагаз жүзүндө гана калып келет.

Акыркы айларда Путин менен Лукашенко аталган өнөктөштүк тууралуу бир канча жолугушуу өткөрүп, анда интеграция тең укуктуу болушу зарыл экенин айтышкан.

Акыркы жолугушууда Путин «Беларус дайыма Москванын эң жакын өнөктөшү болгонун» баса белгиледи. Ал Москва менен Минскинин ортосундагы интеграцияны тереңдетүү, эки тараптуу мамиледе мезгил- мезгили менен пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө үмүтүн да билдирген.

Ал эми Александр Лукашенко эки өлкө ортосундагы талаш-тартыш 8-декабрга чейин чечилиши керек, анткени ушул күнү “Союздук мамлекет түзүү тууралуу” келишим кабыл алынганына 20 жыл толо турганын айтты.

XS
SM
MD
LG