Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 11:10

Баннердеги Усубалиевге окшош кишинин сүрөтү алмаштырылып жатат


Нарындагы баннер.

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө, борбордук аянтка жакын жерге баннер илинген.

Анын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, сүрөттөгү киши Усубалиев эмес экени талкуу жараткан.

Ушундан кийин Нарын шаардык мэриясы сүрөттү алмаштыруу боюнча “Таза-Нарын” муниципалдык мекемесине тапшырма берди. Жаңылып илип алгандарга тартиптик жаза көрүлөрүн мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева билдирди.

“Турдакун Усубалиевге 100 жыл” деп жазылып, башка кишинин сүрөтү коюлган баннер эки күн илинип турган. Ал эми баннерге мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиевдин сүрөтү коюлуп калганын маалымат каражаттары жазышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка 4-февралда кол койгон.

Учурда анын атын Бишкектеги эски аянтка ыйгаруу боюнча Шаардык кеңештин токтомунун долбоору коомдук талкууда.

Буга чейин Кочкор районуна жана Бишкектин Киев, Нарындын Ленин көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү тууралуу сунуштар айтылган.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор кыштагында төрөлгөн. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры, "Ак шумкар" өзгөчө белгисин, "Манас", "Ленин", "Эмгек кызыл туу" жана башка ордендерин алган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (45)

XS
SM
MD
LG