Нидерланддын Жогорку соту 1995-жылдагы Босниядагы урушта Сребреницада 350 мусулман эркектин өлүмү үчүн Нидерланд дагы жоопкер деген буга чейинки сот чечимин күчүндө калтырды.
19-июлдагы соттун токтомунда голландиялык бейпилдик күчтөрү эвакуация учурунда мыйзамсыз аракеттенген жана Сребреницадагы жалпы кыргындын 10 пайызы үчүн жоопкер экенин белгилеген.
1995-жылы 13-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун голландиялык бейпилдик күчтөрү жергиликтүү эл олуттуу зордук-зомбулукка жана өлүмгө кабылышы мүмкүн экенин билсе да, Сребреницанын жанындагы базадан аскерлерди чыгарып кеткени айтылып келе жатат.
«Сребреница энелери» уюму алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү үчүн Нидерланд жоопкер деп арызданып, сот иши узактан бери созулуп келе жаткан.
1995-жылдын июль айында Босниянын сербдери Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркектерди жана балдарды кырып салган.
1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндөгү босниялык мусулман эркектердин жапырт өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» катары таанылган.