Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:18

Гибралтар Иран кемесинин камак мөөнөтүн дагы 30 күнгө узартты


«Грэйс-1» мунай танкери. Гибралтар, 6-июль, 2019-жыл.
«Грэйс-1» мунай танкери. Гибралтар, 6-июль, 2019-жыл.

Гибралтардын Жогорку Соту ушул айдын башында кармалган Иран кемесинин камак мөөнөтүн дагы 30 күнгө узартты.

Бул тууралуу Гибралтардын башкы министри Фабиан Пикардо билдирди. Ал мунай танкерин бошотуу боюнча бардык укуктук талаптарды сактоо аркылуу Иран менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Пикародо мунай танкеринин кармалышынын тегерегиндеги чыңалууну азайтуу үчүн Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен ушул жумада Лондондо жолукканын жана сүйлөшүү оң маанайда өткөнүн кошумчалады.

4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында ирандык «Грэйс-1» мунай танкерин санкцияларга карабастан «Сирияга чийки мунай алып бараткан» деген шек менен кармашкан.

Иран дооматтарды четке кагып, өз кемесин тезинен өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал эми жогорку лидер Аятолла Хаменеи Ирандан «жооп боло турганын» убада кылып, Британияны «каракчылыкка» айыптаган.

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант эгер Тегеран кеме санкцияларды бузуу менен Сирияга барбай турганына кепилдик берсе, аны бошотушарын айткан.

XS
SM
MD
LG