Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Швециялык уюм Ооганстандагы медициналык борборлорун кайра ачты


Ооганстан боюнча швециялык комитеттин программалык директору Халид Фахим.
Ооганстан боюнча швециялык комитеттин программалык директору Халид Фахим.

Саламаттык сактоо министрлиги Ооганстан боюнча швециялык комитет өлкөдөгү медициналык борборлорун кайра ачканын кабарлады. Ооганстанда узак жылдар бою иштеп келе жаткан уюм «Талибан» кыймылынын коркутканына байланыштуу 17-июлда Майдан-Вардак провинциясындагы 42 медициналык борборун жапкан.

«Бактыга жараша, Майдан-Вардак провинциясында жабылган бардык 42 мекеме бүгүн ишин кадимди тартипте жандандырды», - деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, доктор Вахидулла Майар.

Ооганстан боюнча швециялык комитеттин программалык директору Халид Фахимдин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, талибдер алар менен байланышып, клиникаларды иштете берсе боло турганын айтышкан.

«Талибан» Майдана-Вардак провинциясынын көп бөлүгүн көзөмөлдөйт. Аймактагы борбордук оорукананын башчысы Мухаммед Надир Ооганстан боюнча швециялык комитет клиникаларды кызматкерлеринин өмүрүнөн чочулаганы үчүн жабууга аргасыз болушканын айтты.

XS
SM
MD
LG