Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кийинки жумада Орусияга барып келиши мүмкүн экенин билдирди. Ал бул тууралуу 19-июлда Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«Кимдер бирөөлөрдүн менин Орусияга барып келишимди каалабаганы байкалып турат. Мени чакырып жаткан адам баарын жакшы кылууга аракет кылып жатат. Бирок өзүмө, Кудайга жана чыныгы досторго ишенип, бардыгына даяр болуш керек», - деди Атамбаев.
Ал журналисттердин «өлкөдөн чыгып кетүүгө жана кайра кайтууга кепилдик алдыңызбы?» деген суроосуна «мени чакырып жаткан адам баарын жакшы кылууга аракет кылып жатат» деп жооп берди. Бирок чакырып жаткан адамдын атын атаган жок.
Алмазбек Атамбаев чет мамлекетке чыгып келерин буга чейин да билдирген. Бирок кайсы өлкөгө барарын ачык айткан эмес.
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына 18-июлда үчүнчү ирет чакыртылган. Ал ушуга чейин суракка бара элек.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мурдагы президенттин тарапкерлери муну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө «элдик штаб» түзүп топтолуп турушат. (BTo)