Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

«Коопсуз шаар»: айыппулдан бюджетке 166 млн. сом түштү


Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.
Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 290 миң 858 жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен 127 миң 396 айдоочу айыппулун төлөдү.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев төлөнгөн айыптардын жалпы суммасы 165 млн. 937 миң 145 сом болгонун айтты. Ал айыппулду убагында төлөбөгөн айдоочулардын автоунааларына чектөө киргизилерин эскертти.

«Айыптын тууму өсүп, негизги айыппулдун көлөмүнөн ашып кеткен айыптар жакын арада сот аткаруучуларга жиберилет. Мыйзамдын чегинде аларга мажбурлоо жолу менен айыпты төлөтүү жолу каралат. Ошондой эле айыппулду убагында төлөбөгөндөрдүн автоунааларына чектөө киргизилет», - деди Исаев.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

2019-жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймактарында иштей башташы керек. Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулары айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG